Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине азык-түлүк товарларын мыйзамсыз алып келүү аракети тууралуу маалымат түшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылынын 1988-жылы туулган жаранынын башкаруусунда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Унааны текшерүүгө алуу аракетин көргөн учурда айдоочу кызматкерлердин талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда, мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, унаанын айдоочусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстандын Согди облусунун Бобожан Гафуров районундагы Хистеварз айылынын аймагына айдап кирип кеткен.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталып, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.











