«Талаага алып барып, сабап». Ошто мурда соттолгон 25 жаштагы жигит кармалды

Ош шаарында 30 миң сом опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери опузалап акча талап кылган 25 жаштагы жаранды кармашкан. Кылмышка шектүү октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып кеткени аныкталган. Ал жерден аны сабап, 30 миң сом акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кол салгандар качып кетишкен.

Бул факты Ош облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармашты. Кармалган жаран Ош облусунун тургуну, мурда соттолгон 25 жаштагы жаран экени аныкталган. Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.