Талас мамлекеттик университетинин ректору камакта калтырылды

Коррупцияга шектелип кармалган Талас мамлекеттик университетинин ректору камакта калтырылды. Маалыматка караганда, ал 27-сентябрга чейин убактылуу кароочу жайда болот.

УКМК Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныктаган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, ректор жана башкы эсепчи 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТаласМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталган.