Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталып, ректору кармалды (видео)

Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, ректор жана башкы эсепчи 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТаласМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги”  катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан. Ошондой эле, ректор кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кылмыш-Процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык ректор Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.