Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү 14,73 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнүн аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратура тарабынан баасы 6 миллион 838 миң сомду түзгөн 14,73 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.