Таласта жылгаяк тебүү 23 жаштагы кыздын өлүмү менен аяктады. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, үч адам дөңдөн ылдый жылгаяк тээп келе жатышып, токтоп турган унаага урунган. 1999-жылы туулган кыз алган жаракатынан каза болгон, ал эми жанындагы экөө ооруканага жеткирилди.