Адам уурдоого жана бейбаштыкка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя январь айынын аягында Талас облусунун Бакай-Ата районунда болгон. Түндө белгисиз жарандар жергиликтүү тургундун үйүнө барышкан. Күч колдонуп аны Тойота үлгүсүндөгү унаага отургузуп, ээн жерге алып барып, ур-токмокко алышкан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренесине (адам уурдоо) жана 266-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Милиция кылмышка 28 жаштан 31 жашка чейинки 4 эркек киши катышкандыгын аныктаган. Алардын үчөө кармалып, төртүнчү изделип жаткан.
12-мартта ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана атайын даярдыктагы кызматкерлер издөөдө жүргөн адамды автобекеттин жанынан кармашты. Милициянын маалыматы боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин реестринде турат. Ошондой эле ал жигит мурда соттолгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.












