Таласта ага-ини тарабынан зордукталган делген 17 жаштагы кыз көз жарды

Таласта зордуктоого кабылган 17 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу журналисттерге юрист Луиза Сүйүнтбекова билдирди.

Анын айтымында, кыз Бишкектеги төрөтканада көз жарган. «Эркек бала төрөлдү, дени сак. Өспүрүмдүн ден соолугунун абалы туруктуу. Бөйрөгү ооруп калгандыктан Бишкекке алып келишкен», — деди Луиза Сүйүнтбекова.