Таласта айдоочу токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Бирөө жеринде, бирөө ооруканага жетпей көз жумду

Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ауди 100 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 адам мүрт кетип, 1 адам ооруканага жетпей каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон адамдардын жансыз денелерин Тез жардам кызматы алып кетишкен.