Таласта дөңгөлөктөр өрттөнүп, 3 адам жаракат алды

Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 1986, 1988, 1990-жылы туулган жарандар жеңил жаракат алышып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан чыккан.