Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынында «Күркүрөө» дыйкан чарбасын банкрот болду деген шылтоо менен 46 жер тилкеси мыйзамсыз берилген. Шектүүлөр Аманбаев айылдык кеңешинин спикери жана атайын администратор убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айылдык кеңешинин спикери 46 жер тилкенин 12син жакын адамдарына мыйзамсыз берген. Көрсөтүлгөн жер тилкелери иш жүзүндө «Күркүрөө» дыйкан чарбасынын балансында болгон эмес. Айрымдары токой тилкелери болгон, аларды тескөөнүн өзгөчө тартиби белгиленген.
Бул факты боюнча шектүүлөр 26-февралда кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана тергөө иштери уланууда.