Буга чейин Таласта жол кырсыгынан эки окуучу мүрт кеткени айтылып, бул окуянын чоо-жайы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
17-декабрь күнү такталган маалымат боюнча, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган 2 өспүрүм бала жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар ооруканага жетпей, Тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.