Социалдык тармактарда Талас районунда катталган жол кырсыгынын видеосу тарады. ИИМдин Талас облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгон.
«Жол кырсыгы бүгүн, 15-январда саат 10:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 107-чакырымында катталган. Фольксваген Пассат унаасы менен Хонда Одиссей унаасы сүзүшүп, 2 жаран каза болуп, 5 жаран ооруканага түшкөн. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунун Кадамжай районунда алдын ала маалымат боюнча Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыкты....
Ички иштер министрлиги кемсинткен сөздөрдү камтыган видеонун таралышы боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады. Социалдык тармактарда белгилүү мушкер Дмиртрий Биволдун...
Ошто 6 адам өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык...