Таласта канализацияда «Таза суу» ишканасынын кызматкерлери иске ууланды

Талас ОИИБдин «Шумкар» атайын багыттагы полктун кызматкерлери саркынды суулар түшкөн люктан 3 адамды куткарышты. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Бүгүн, 28-июнь күнү Талас шаарынын Турдалиев көчөсүндө «Таза суу» ишканасында иштеген кызматкерлер саркынды суулар түшкөн люкта иштеп жаткан учурда белгисиз себептер менен ичине чөгүп кетишкен. Милиция кызматкерлери аны көрүп заматта чогулуп, ыкчам аракеттерин көрүп, 3 адамды куткарып чыгышты. Аларга ошол жерден биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам чакырып ооруканага жеткиришти. Учурда аларга жана «Шумкар» атайын багыттагы полктун кызматкерине Талас облустук биргелештирилген ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүүдө.