Таласта катуу шамалдан улам терек кулап, 46 жаштагы киши көз жумду

Бүгүн, 17-ноябрда саат 14:30 чамаларында Кыргызстан айыл аймагынын Талас айылында катуу шамал катталды. Кырсыктын кесепетинен эки терек кулап, 1975-жылы туулган жаран көз жумду. Жеринде Манас районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамалдын кесепетинен Цыренин атындагы орто мектебинин спорт залынын 120 чарчы метр тунукеден чатырын учурган, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин 30 чарчы метр чатыры учкан жана Бала-Саруу айылынын Бала-Саруу орто мектебинин 100 чарчы метр чатыры жабыркаган. Мындан тышкары, Үч-коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектептин чатыры жабыркаган.

Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрди түзгөн.