Кечээ, 19-ноябрда Талас районунун Жоон-Арык айылындагы эскилиги жетип, колдонуудан чыккан маданият үйүн бузуу иштерин жүргүзүп жаткан жеринен курулуш плитасы (бетон) 35 жаштагы жарандын эки бутун жоон сан этинен басып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулар тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлүп, жабыркаган жаранды Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.