Кечээ, 24-июнда Талас облусунун Бакай-Ата районунда саат 16:00дөн 16:30га чейин мөндүр аралаш жамгыр жаады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Табигый кубулуштун кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-Май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин-талаага зыян келтирилген.
«Ошондой эле, Боо-Терек айылында катуу шамалдан болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими абалды жеринде көрүштү. Учурда айыл аймак тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. 25-июнда Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин колго алышат», — деп айтылат маалыматта.