Буга чейин социалдык тармактарда Таластагы Жон-Арык айылындагы мектептин окуучулары арасында мушташ чыккан видео тараган. Талас ОИИБден маалымат беришти.
29-ноябрь күнү Жон-Арык айылынын А.Нуржанов орто мектебинде окуучулар арасында уруш чыккандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Бул факты Талас РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда, 29-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында Талас районунун Жон-Арык айылында жайгашкан А.Нуржанов атындагы орто мектебинде 10-11-класстын балдарынын ортосунда өз ара пикир келишпестиктен улам чыр чыкканы аныкталган. Окуя боюнча териштирүү учурунда 10-11-класстын балдары, ата-энелери менен биргеликте эч кимге эч кандай доо жок экенин билдирип, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Азыркы учурда окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда.