Таласта өрт кырсыгынан жыл башынан бери 2 адам көз жумган. Анын бири бала

9 ай ичинде Талас облусунда 75 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттөн материалдык чыгым 12 миллион 984 миң 451 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 2 адам анын ичинен 1 бала каза болуп, 12 адам жаракат алган. 2021-жылы өрттөн 51 миллион 976 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 21 (28%);

— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10 (13,3%);

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 13 (17,3%);

— балдардын от менен ойноосунан – 9 (12%).