Таласта күйөөсүнөн ур-токмок жеген келинди көрүп туруп, жардам бербей кетип калган милиция кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты.
29-декабрга караган түнү саат 00:03тө жаран Талас шаарында жайгашкан үйдүн дарбазасын ачып, ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы менен короого кирип келип, аялы дарбазаны жапкандан кийин белгисиз себептерден бир нече жолу уруп тепкилеген. Саат 02:03 чамасында аталган үйгө күйөөсүнүн кесиптештери Талас ОИИБнын ЖКККБнүн кызматкерлери: У.М., А.К., С.Д. жана анын жубайы Ж.Н. келишип, сабалган келинди көрүшүп, ага жардам бербей саат 03:44 чамасында аталган даректен кетишкен.
Аталган факты 9-мартта Талас шаардык прокуратурасына катталып, 10-август күнү 145-берене (жардам көрсөтпөй коюу) менен Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козгоп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 15-август күнү Талас ШИИБге жиберилген. Азыркы учурда, кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
- 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында Тез жардам кызматынан билдирүү түшкөн. Анда 1992-жылы туулган келин өз үйүндө каза болгондугу маалым болгон. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн. Текшерүү учурунда каза болгон келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Аталган факты Талас ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары анын күйөөсү — 1988-жылы туулган жаран кармалган.
- Талас шаардык соту 26-декабрда жубайын өлтүрүүгө шектелген жаранга өкүм чыгарган. Ал соттун чечими менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.