Таласта өз үйүндө өлтүрүлгөн келин. Жардам бербей кетип калган милиция кызматкерлерине кылмыш иш козголду

Таласта күйөөсүнөн ур-токмок жеген келинди көрүп туруп, жардам бербей кетип калган милиция кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден тастыкташты.

29-декабрга караган түнү саат 00:03тө жаран Талас шаарында жайгашкан үйдүн дарбазасын ачып, ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы менен короого кирип келип, аялы дарбазаны жапкандан кийин белгисиз себептерден бир нече жолу уруп тепкилеген. Саат 02:03 чамасында аталган үйгө күйөөсүнүн кесиптештери Талас ОИИБнын ЖКККБнүн кызматкерлери: У.М., А.К., С.Д. жана анын жубайы Ж.Н. келишип, сабалган келинди көрүшүп, ага жардам бербей саат 03:44 чамасында аталган даректен кетишкен.

Аталган факты 9-мартта Талас шаардык прокуратурасына катталып, 10-август күнү 145-берене (жардам көрсөтпөй коюу) менен Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козгоп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 15-август күнү Талас ШИИБге жиберилген. Азыркы учурда, кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.