Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат 13:00 чамаларында үйүнө эки жаш бала келип уюлдук компаниянын SIM-картасын сатып, каттоо учурунда 15 миң сом онлайн кредит алып, өздөрүнө которуп алганын билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Талас шаарынын 2006 жана 2007-жылы туулган жарандары кармалып, тергөөгө камсыз кылынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.











