Таласта баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2024-жылдын январь айынын аягында уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темике» аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темике» аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козголгон. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык марихуана жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылды. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.
Талас облусундагы Манас районун тургуну инстаграмда бейтааныш адамдан келген шилтемени басып электрондук капчыгынан 171 миң 500 сомун алдырган. Манас РИИБдин...
Чүйдө онлайн казиного акчасын уттуруп жиберген жигит жасалма каракчылык уюштуруп, өзүнө кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда,...
Чүйдүн Аламүдүн районунда кыз ала качууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 20-декабрда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө...