Таласта 2 адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Бакай-Ата РИИБге 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Бакай-Ата районунун тургуну кайрылып, 1963-жылы туулган А.Т. ошол эле күнү саат 07:00 чамасында Кең-Арал айылына караштуу Коргон-Таш жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган жаранды милиция тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн. 10-ноябрь күнү таңкы саат 07:00 чамаларында Талас районунун Нылды өзөнүндө Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын ичинен 2 кишинин киши колдуу болгон жансыз денелери табылган. Жансыз денелерге кароо жүргүзүү учурунда Бакай-Ата районунун 1963-жылы туулган А.Т. жана 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган. Бул факты 122-берене (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары каза болгон А.Т. аттуу жарандын малчысы, Талас районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү С.С. менен А.Т. ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестик орун алып, кесепетинен адам өлүмү катталганы белгилүү болгон.