Талас облустук милициясы социалдык тармактын дагы бир администраторун кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
11-март күнү Талас ОИИБге 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 7-март күнү Телеграмдагы баракчадан 15 жаштагы кызынын Телеграмына белгисиз жаран кат жазып, «уяттуу сүрөтүңдү чыгарам» деп коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Талас шаарынын 2008-жылы туулган тургуну кармалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.