Таластагы 13 жаштагы кош бойлуу кыз. Ымыркай төрөлгөндөн бир күндөн кийин чарчап калган

Таласта өгөй атасы зордуктап, кош бойлуу болгон делген 13 жаштагы кыз төрөгөн, бирок ымыркай бир суткадан кийин чарчап калды. Бул тууралуу «24 кж» жазып чыкты.

«Ымыркай төрөлүп, бир суткадан соң чарчап калды. Себеби төрөт кош бойлуулуктун 26-жумасында болгон. Өспүрүм жакын арада ооруканадан чыгат. Абалы канааттандырарлык», — деп айтылат маалыматта.

Таласта 13 жаштагы кош бойлуу кыздын ооруканага түшкөнү маалым болгон. Аны зордуктоого өгөй атасы шектелип, ал камакка алынган.