Abank
SerepTV Logo

Таластагы 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Окуянын чоо-жайы

Таластагы 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Окуянын чоо-жайы
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 9-сентябрда Таласта жол кырсыгы катталып, 2 адамдын көз жумганын маалымдаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/talasta-aidoochu-toktop-turgan-oor-jyk-tashuuchu-unaany-syzgon-biroo-jerinde-biroo-oorukanaga-jetpei-koz-jumdu/">маалымдаган. Бул кырсыкка байланыштуу Талас облустук жол кыйымылын көзөмөлдөө башкармалыгынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын чоо-жайын айтып беришти. Кырсык 9-сентябрга караган түнү катталган. Анда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан КамАЗ оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унаада 4 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 1975-жылы туулган айдоочусу мүрт кеткен. Ошол эле унаанын 1985-жылы туулган жүргүнчүсү ооруканага жетпей көз жумган. Ал эми дагы 2 адамдын учурда абалы жакшы. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракат алган.