Таласта жол кырсыктын кесепетинен аялы менен күйөөсү каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Кечээ, 19-октябрда саат 11:42де Бакай-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Боо-Терек айылынын кире беришинде Нексия үлгүсүндөгү автомашина өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 158-чакырымында жолдун түштүк тарабында катар өсүп турган бакты сүзүп, унаадан өрт чыккан.
Аталган унаадагы өрт Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучу кызматкерлери тарабынан суу чачылып өчүрүлүп, ичинде 2 жаран калганы аныкталган. Текшерүү учурунда айдоочу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну 1957-жылы туулган айдоочунун жанындагы жүргүнчүсү анын жубайы 1963-жылы туулган жаран экени аныкталды. Азыркы күндө аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.