Окубаган студенттерге диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Талас облусунун Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.