«Таластагы мал базарда чөнтөкчү кармалды» деген окуя боюнча милиция маалымат таратты

Бүгүн, 30-апрель күнү эртең менен ​Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке жайылган.​ Анда тургундар 25-30 жаштагы белгисиз бир адамды акча уурдады ​деп шектеп кармап​ алышканы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан маалымдашты.
​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Окуя болгон жерге Талас РИИБдин тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган. ​Анда​ Бишкек шаарынын тургуну​ өзүн ​1993-жылы туулган Ш. уулу​ Э. деп тааныштырган жаранды ​мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардын электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.

Текшерүүдө​ Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан ​60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан ​уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын ​тургуну да мал базардан ​кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан​ уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал​ Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын ​1989-жылы туулган тургуну ​экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.

Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери ​иш алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды. Шектүүнү милицияга алып келишип, аты-жөнүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп ​жатышат. Кармалган шектүү боюнча анын ​башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүүдө.