Таластагы мал базарда эркек кишини мамыга байлап койгон окуя. Милиция анын шеригин кармады

30-апрель күнү эртең менен ​Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке жайылган.​ Анда тургундар 25-30 жаштагы белгисиз бир адамды акча уурдады ​деп шектеп кармап​ алышканы көрсөтүлгөн. Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдиришти.

«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги 1981-жылы туулган жаран аныкталып кармалды», — дешти.
​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​