Мүрзөдө болгон окуя боюнча Талас ОИИБ маалымат таратты.
Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда 7-июль күнү Чат-базар айылындагы Орус көрүстөнүн 6 даана крестин белгисиз жарандар сындырып кеткендигин билдирген.
Аталган билдирүү Талас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып текшерүү иши башталган.
Талас районунун Чат-Базар айылынын Тараз-Талас-Суусамыр жолунун түштүк тарабында Орус-Славян көрүстөнү жайгашкан, көрүстөнгө кароо жүргүзгөн учурда 7 даана жыгачтан жалган көрүстөн сынып калганын, андан тышкары темирден жасалган кресттер ордунун жулунуп калганы такталган.
Аталган көрүстөн 2017-жылдан бери пайдаланбай келгенин айланасынын баары курчалбаганын, буга чейин малдар кирип жүргөнү такталган.
Мындан тышкары, маркумдардын жакын туугандары суракка алынып алар өз көрсөтмөлөрүндө аталган окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз дооматы жоктугун айтып арыз жазуудан баш тартарын көрсөтүшкөн.
Бүгүнкү күндө Орус-Славян көрүстөнүнүн эшигине кулпу салынып бекитилди, азыркы учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.