Таластагы ооруканага жансыз денени жеткиришкен. Шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

6-мартта саат 13:35 чамасында Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө Боо-Терек айылынын 1989-жылы туулган тургунунун жансыз денеси түшкөн. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Бакай-Ата районунун тургуну 1976-жылы туулган кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү суралып, ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 6-март күнү саат 12:50 чамасында Боо-Терек айылынын тургунунун үйүнүн жер участогунда сүйлөшүп турган жерден пикир келишпестиктин айынан уруша кетип, ошол жерде мушташышып, шектүү жабырлануучуну бычак менен (маки) сол бутунун сан тарабына сайып, окуя болгон жерден аталган кылмыштын куралын алып кетип калгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.