Таластагы подполковниктин башына ок атылып каза болушу. Милиция маалымат берди

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бүгүн, 22-октябрда жергиликтүү ЖМКлар Таласта милициянын подполковниги башына ок тийип, каза болгонун жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен Талас ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, Талас  ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, 21-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Талас ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнөн телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Анда Талас шаарынын 1972-жылы туулган тургуну башына ок тийип түшкөнүн билдирген.

Бул факты Талас ШИИБдин маалыматтык-электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө топтору чыгып тийиштүү кароолорду жүргүзгөн. Териштирүү учурунда, Талас ОИИБдин каржы чарба бөлүмүнүн начальниги милициянын подполковниги 14-октябрдан бери Талас шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунан, “гипертоническая болезнь 3 степени очень высокого риска” диагнозу менен эмгекке жарамсыздык баракчасын ачтыргандыгы аныкталган. Окуя боюнча, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда, Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн маркумдун саат 20:10 чамасында ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам каза болгондугу белгилүү болгон. Аталган факты боюнча азыркы учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.