Таластагы стадиондон 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

30-апрелде болжол менен саат 13:25 чамасында Талас облустук ооруканасынан Талас ОИИБге Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну 2002-жылы туулган жарандын жансыз денеси түшкөнүн билдирген. Аталган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган.

Тергөө тобу Талас облустук ооруканасына барган маалда, Талас шаарынын 1997-жылы туулган, Манас районунун Арал айылынын 1998-жылы туулган жана Талас шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Талас шаарынын Кутманалиев атындагы стадионунан кыздын жансыз денесин ооруканага алып барышкандыгын билдиришкен. Талас ШИИБ тарабынан тиешелүү текшерүү иштери башталды.

Окуя боюнча соттук медициналык экспертизанын эксперти менен чогуу денени кароо учурунда эч кандай күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Каза болгон кыздын ата-энеси эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин жана каза болгон кыздын жансыз денесин экспертизага берүүдөн баш тарта тургандыгын жана өндүрүштөгү сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү өтүнгөн.