Таласта 52 жаштагы киши асылган абалда токойдон табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Талас районунун Арал айылынын түштүк тарабында жайгашкан токойдун ичиндеги талга асынып турган жансыз дене табылганы айтылган. Текшерүү учурунда ал Арал айылынын 1969-жылы туулган тургуну экени аныкталган.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, аталган фактыны маалыматты эсепке алуу электрондук журналына каттаган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат