Таластагы токойдо 52 жаштагы киши асылган абалда табылды

Таласта 52 жаштагы киши асылган абалда токойдон табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-ноябрь күнү Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Талас районунун Арал айылынын түштүк​ тарабында жайгашкан токойдун ичиндеги талга асынып турган жансыз дене табылганы айтылган. Текшерүү учурунда ал Арал айылынын 1969-жылы туулган тургуну экени аныкталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, аталган фактыны маалыматты эсепке алуу электрондук журналына каттаган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат