Бишкекте аялды чогуу жашаган эркек катуу сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаган делген англис тил мектептеринин биринин директоруна козголгон кылмыш иш токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар элдешишкен. Буга байланыштуу шектүү сот залынан бошотулган.
Буга чейин Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын 38 жаштагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын укуктарын сактоого чакырган.
- Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял кайрылган. Маалыматка караганда, 14-сентябрда аны жарандык жолдошу катуу сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаган. Аялдын айтымында, окуя болуп жатканда кичинекей кызы башка бөлмөдө болгон. Аял ич кийимчен, жылаңайлак араң качып чыгып, күзөтчү отурган жерге жашынып калган. Кошуналары ага жардам берип, анан милицияга кайрылган. “Зордуктоо” беренеси менен иш козголуп, чогуу жашаган эркек 2 айга тергөө абагына киргизилген.











