Таш-Көмүр шаарындагы батирден аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар 1-кичи районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1959-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.