Таш-Көмүрдө жасалма жол менен спирт ичимдигин даярдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан “притон” жана “автопритон” иш-чарасы учурунда жасалма спирт ичимдиктерин жасап аны таркатып жүргөн жарандар аныкталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө 3 жаран аныкталып, жалпы 2 тонна 935 литр спирт ичимдигине окшогон суюктук заты алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ал эми дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык 80 пайыз жасалма (самагон) экендиги аныкталган. Аталган факты Таш-Көмүр ШИИБге 240-берене (спиртти жана алкаголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.








