Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-апрелде болжол менен саат 17:28де Жайыл РИИБге Кара-Балтадагы 8-март көчөсүндө киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча төмөндөгүлөр аныкталган. Саат 17:00 чамасында атчан жаран Ю.А. аттуу жаран менен уруша кеткен. Ю.А. өзүнүн жээни менен Фольксваген Пассат унаасында атчан жаранжы кууп жетип, сүзүп токтогон.Уруш мушташка айланган. Атчан жаран Ю.А. менен Ю.Р. аттуу жээнине бычак сайган. Ю.А. ошол жерде жаранды таш менен башка чапкан. 1972-жылы туулган жаран ошол жерде каза болгон. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалышкан. Алардын денесинде да жаракаттар болгондуктан дарыланып жатышат.