«Таш-Рабат» соода борборундагы жаш жубайлардын чыры. Келин арыз жазды (видео)

Буга чейин социалдык тармактарда соода борборлорунун биринде тартылган видео тараган. Окуянын күбөлөрү аял кишини жолдошу сабаганы тууралуу айтышкан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган, бирок жубайларды соода борбордон табышкан эмес.

Бүгүн, 27-октябрда Октябрь РИИБинен «Таш-Рабат» соода борборунда жубайлардын ортосунда чыккан чыр боюнча комментарий беришти. Маалыматка караганда, аял милицияга кайрылып, 2002-жылы туулган келин күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранды. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин (бейбаштык) негизинде РИИБге катталган. Кылмышка шектелип 1994-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилди.