УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча УКМК төрагасынын жакын туугандарынын фамилиясын пайдаланып жүргөн жаран кармалды. Аталган жаран УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экенин жүйө келтирип, УКМК төрагасына кабыл алууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен ошондой эле «Silk-Way» индустриалдык паркынын аймагындагы бир нече соода түйүндөрүн сатып алуу боюнча маселелерди чечүүдө 50 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты, анын ичинде 20 миң АКШ долларын түзгөн унааны өзүнө ыйгарып алган.