УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коён» же «Руслан Бостери» деп аталган Кыргыз жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
9 миллиард сомдук 10 гектар жер… Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 га...












