Социалдык тармактарда Кара-Сууда эркек киши аялы менен кайненесин сабап салганы тууралуу видео жарыяланды.
«Мени урду. Апам арачалап калганда аны уруп баштады. Экөөбүз эки жакка бөлүнүп кеткенде мен жакты көздөй келе жатты. Апам болушайын дегенде апамды ура баштады. Таяк үчкө бөлүнүп кеткиче сабады»,- дейт видеодогу келин.
Окуя боюнча Ош ОИИБ маалымат берди. «2-декабрь күнү Кара-Суу РИИБге 2000-жылы туулган И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 29-ноябрь күнү жолдошу 1989-жылы туулган Ж.А. уруп, денесине залал келтиргенин билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Коргоо ордери берилген»,- деп айтылат маалыматта.