Telegram аркылуу баңгизат сатып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн топ кармалды

Telegram аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 4-мартта Бишкек шаарында Telegram аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңги заттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана “крипто алмаштыргычтар” аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн 5 жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.