Онлайн казинонун мыйзамсыз иш-аракеттеринен кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин кызматкерлери Telegram мессенжерине мониторинг жүргүзүү учурунда «xCoin.KG» бот-каналы аныкталып, анын ээси Кыргыз Республикасынын аймагында онлайн казино ишин жүргүзүүгө лицензиясы жок 1-Xbet букмекердик конторасынан Кыргыз Республикасынын банктык карталары аркылуу коюмдарды кабыл алууну, акча каражаттарын толуктоону жана чыгарууну жүргүзүп жүргөнү такталган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) менен кылмыш ишин козгоду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө xCoin.KG бот-каналдын ээси 2005-жылы туулган жаран жана 2005-жылы туулган 2 оператор аныкталган. Бот каналдын ээси кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.