Баткендеги жол кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ИИМдин Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 17-майга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 348-чакырымында 1993-жылы туулган айдоочу Шевроле Малибу унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай калып, жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
4-июнда саат 04:57 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү...
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши...
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө...