«Тепкилеп салган». Жол тескөөчүлөргө баш ийбей, каршылык көрсөткөн айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды

Кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, каршылык көрсөткөн айдоочуга 7500 сом айып салынып, өзү милиция бөлүмүнө жеткирилди. Унаасы төлөнбөгөн айып пулдары үчүн айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда саат 13:30 чамасында Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдочу кызматкерлерге баш ийбей качкандыктан, артынан кууп, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен кысып токтотушкан. Ошол учурда да унаанын 1994-жылы туулган айдоочусу кызматкерлерге карата каршылык көрсөтүп, бир-эки жолу тээп да салган.

Бирок жыйынтыгында айдоочуга карата баш ийбегендиги, качуу учурунда жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 протокол толтурулуп, жалпысынан7500 сом айып салынды. Унаасы айып короо жайына токтотулган. Ал эми кызматкерлерге карата каршылык көрсөткөндүгүнө тийиштүү чара көрүү үчүн Биринчи Май РИИБге жеткирилди.