Чүйдө милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
17-май күнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына жаран бейбаштык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, жаранды коркутууну, ошондой эле өзүнүн пайдасына чечим чыгарып берүүнү суранып, тергөөчүнүн электрондук капчыгына мобилдик тиркеме аркылуу акча каражатын которгон.
Тергөөчү бул факты боюнча өз убагында жетекчиликке билдирип, которулган акча пара берүү катары бааланып, катталган. Ошол эле күнү 1989-жылы туулган жаран кармалган.